18

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстандыктар сарпталган каражаттардын натыйжалуулугун карап чыгуусу зарыл»

Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарында өткөн эрте жаштагы балдардын саламаттагы жана балдарга көмөк көрсөтүүнүн комплекстүү тутумун өнүктүрүүгө арналган жыйында билдирди.

Темир Сариев белгилегендей, өлкөнүн Өкмөтү тарабынан салтанаттарды өткөрүүгө жумшалган чыгымдарды чектөө жана кыскартуу боюнча сунуштар иштелип жатат.

Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, балдарга татыктуу билим берүү жана саламаттыгына кам көрүү боюнча жарандардын психологиясындагы айрым баалуулуктарды өзгөртүү зарыл. Премьер-министр  көптөгөн жарандар ар кыл той, салтанаттарга ашыкча чыгым коротуп, бирок балдарга билим берүүгө акчаны аяган учурлар көп кездешерин белгиледи.

“Биздин көптөгөн жарандарыбыз күнүгө же жумасына бир-эки жолу тойго барып, 2-5 миң сомго дейре чыгым коротот. Бирок балдарга билим берүү жана ден соолугуна кам көрүүгө келгенде акча аяп калышат. Ошол эле учурда 2,5 миң сомдук сапаттуу мектеп формасын сатып алуу, же болбосо, ысык тамактандырууга 500 сомдон каражат төлөө кымбат деп эсептешет. Биз мындай баалуулуктарды өзгөртүшүбүз керек. Бир жолу тойго барбай же негизсиз ашыкча чыгым коротпостон балдардын татыктуу билим алышына жумшасак пайдасы абдан чоң болмок. Бул жаатта, мамлекет, коомчулук баарыбыз биргеликте аракет көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек”, - деди Темир Сариев.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2016-жылы балдарга билим берүү жана алардын саламаттыгын сактоо максатында 36 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

«Сом түрүндө чоң сумма болуп көрүнгөнү менен бул көлөм муктаждыктарды толук канааттандырууга жетишсиз. Бюджеттик каражаттын 52% көбүн биз жарандардын социалдык муктаждыгына багыттайбыз. Бирок бул сумма жетишсиз, демек эмне кылуубуз керек, – экономиканы өнүктүрүп, жаңы жумушчу орундарды түзүүбүз керек жана анын эсебинен өлкө калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуубуз кажет, ал өз кезегинде балдардын абалынын жакшыртылышына негиз түзөт. Учурда Өкмөт дал ушул иштердин үстүндө аракеттенүүдө», - деди Премьер-министр Темир Сариев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү