16

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: "Тышкы иштер министрлиги жогорку стандартты сактап, дагы бийик максаттарды коюшу керек"

Бүгүн , 16-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тышкы иштер министрлигинин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча жумушчу коллегиясын катышты  Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Тышкы иштер министрлигинин ишин оң баалап, мындан ары улантууга чакырды “Министрликте иштеп жаткан кадрлардын көпчүлүгү жаштар экени кубандырат. Бардык департаменттерде иш үчүн керектүү шарттар түзүлүп, кызматкерлердин профессионалдык стандарттары аныкталган. Өнөктөш өлкөлөр жана уюмдар менен алакада мамлекетибиздин позициясын жеткирүүдө эффективдүү иш жүргүзүлүп, тышкы саясат боюнча стратегияны иштеп чыккан. Бул жаатта жогорку стандартты сактап, дагы бийик максаттарды коюу керек”-деди Темир Сариев. Ошол эле учурда Темир Сариев Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Өзбекстан газ кууру боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча аткарган иши абдан жогору баалап, бул жараян жакынкы аралыкта толугу менен аягына чыгарын маалымдады. Муну менен катар Темир Сариев министрликтин ишинде айрым кемчиликтер бар экенин белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, Тышкы иштер министрлигине караштуу элчиликтер жана консулдуктар чет өлкөдө Кыргызстандын жарандары жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын коргошу керек. “Айрым өлкөлөрдө элчиликтерге жарандарыбыздын кызыкчылыгын тиешелүү деңгээлде коргобой жатат”-деди Премьер-министр. Ошондой эле экономикалык тармакта жана инвестицияларды тартууда мамлекеттик органдардын ортосунда координация жок болуп жаткандыгын билдирди. Муну менен катар чет жердеги диаспоралар менен кызматташтыкты күчөтүү тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү