11
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Биз келерки туристтик сезонго даяр болуубуз керек жана ал ийгиликтүү ɵтүүсү үчүн алдыртан аракет кɵрүүбүз зарыл»
Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Кɵл мамлекеттик администрациясында туризмди ɵнүктүрүү боюнча ɵтүп жаткан кеңешмеде билдирди.
«Үстүбүздɵгү жылдын май айында жергиликтүү бийлик органдары алдында коюлган милдеттер аткарылган жок. Натыйжада, андан жалпысынан Ысык-Кɵл облусунун абалы жабыр тартууда. Эс алуу, пляждык аймактардын абалы жакшыртылууга муктаж. Ысык-Кɵл облусунун жетекчилигине Каракол шаарындагы Бостери айылынын таштандысы боюнча маселени чечүүсүн тапшырам. Жергиликтүү калк таштандыга катар эмес, жакшы шартта жашоосу керек», — деди Темир Сариев.
Жыйын учурунда Өкмɵт башчы жергиликтүү бийлик органдарына 2016-жылга аткаруу мɵɵнɵтү так белгиленген иш планын түзүүнү тапшырды, анын аткарылышы министрлердин кɵзɵмɵлүндɵ болот.
«Биз келерки туристтик сезонго даяр болуубуз керек жана ал ийгиликтүү болуусу үчүн алдыртан аракет кɵрүүбүз зарыл. 2016-жылга карата бир катар ири иш-чаралар пландалган, анын катарында Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюну бар. Ички иштер министрлигине келерки жылдын мартынан кеч калбастан пилоттук долбоор иретинде патрулдук милицияны ишке киргизүү тапшырмасын коем», — деп белгиледи Премьер-министр Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү