26
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын атады
Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош шаарындагы көчмө жыйынында билдирди. Жыйынды ачып жатып Темир Сариев Кыргызстандын эгемендик тарыхында алгачкы жолу Өкмөт толук курам менен көчмө жыйынды өткөрүп жатканын маалымдады. Премьер-министр мунун абдан маанилүү экенин белгилеп, жыйын жүрүшүндө Ош шаарынын жана аймактар маселесин көтөрүп, аны өнүктүрүү багыттары боюнча атайын билдируу жасады.
Темир Сариев Ош шаары өлкөнүн түштүк борбору катары саналарын эске салып, аны өнүктүрүү маселесин өкмөттүк деңгээлде олуттуу жана комплекстүү кароо зарылчылыгын билдирди.
Бул боюнча Президенттин демилгеси менен кабыл алынган 2015-2017-жылдарга карата Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияда аймактарды, анын ичинде Ош шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын Темир Сариев кошумчалады.
Ошентсе да,акыркы жылдары жетишилген турукташууга карабай Темир Сариев Ош шаарын өнүктүрүү, ага инвестиции тартуу жетишерлик эместигин билдирди .
«Ошондуктан түштүк борборду жана жалпысынан түштүк аймакты өнүктүрүү модели катары стандартуу эмес мамилелерди жана узак мөөнөттүү чараларды камтыган жаңы идеяларды таап, долбоорду иштеп чыгуу зарыл. Бул боюнча Президентибиз да атайын тапшырма коюп жатат. Мындай чаралар аймакты өнүктүрүү боюнча сапаттуу секирик болушу керек», – деди Темир Сариев.
Темир Сариев аталган долбоордун негизги багыттарын атады. Анын алгачкысы аймактагы башкаруу чекити катары Ош шаарынын базасында траснспорттук –логистикалык борборду түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул учун шаардын ичиндеги негизги автожолдорду курууга ири көлөмдөгү инвестицияларды тартуу керек. «Ош шаарынын аэропортун эл аралык транзиттик борбор деңгээлине чыгаруу керек. Келечектеги заманбап шарттарга жооп берген Ош шаарында эл аралык жаңы аэропорт курулат. Бул аэропорттун зор потенциалы Өзбекстан жана Тажикстандан жүргүнчүлөрдү ташууга жумшалышы керек», – деди Темир Сариев.
Премьер-министр экинчи багыт катары региондогу маданий-тарыхый жана туристтик борбор катары Ош шаарын өнүктүрүү маселесин атады. Анын алкагында «Сулайман-Тоо» зыярат борборун жана Ислам маданиятынын борбору боюнча комплексттик иштерди алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми үчүнчү багыт катары Темир Сариев билим берүү жана медициналык тейлөөнүн аймактагы жогорку сапаттагы борборун түзүүнү белгиледи.
«Улуттук билим берүү комплекси –Эл аралык Азия университети жана Ош облустук ооруканасынын базасында Улуттук медициналык борборун түзүү зарыл. Бул борбор Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо багытындагы жогорку деңгээлдеги тейлөөнү көрсөтүшү керек», – деп кошумчалады.
Ош шаарын өнүктүрүүнүн төртүнчү багыты экономикалык потенциалын жогорулатуу. Бул иште шаардын артыкчылыктары эске алынып, кызмат көрсөтүү,сервис жана кайра иштетүүгө көңүл бурулат.
Бешинчи багыт катары Темир Сариев шаар курууну атады. Анын алкагында Ош шаарынын учурдагы талапка ылайык динамикалык калаага айландыруу учун шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгуу зарыл экенин Премьер-министр кошумчалдады.
Алтынчы багыт – медиа мейкиндикти жакшыртууга багытталып, мунун негизинде түштүк аймактын имиджин жогорулатуу зарыл экенин Темир Сариев.
«Шаардын маалыматтык жана телекоммуникациялык инфракструктураны өнүктүрүү маселесин тез арада чечүү керек. Ал эми Ош шаарынын өнүктүрүүнүн кезектеги багыт катары инновациялык жана IT- технологияларды кеңири колдонууга шарт түзүү керек», -деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өлкөдөгү чакан шаарларды өнүктүрүүгө багытталган «Өнүгүү тепкичи» деп аталган атайын модель кыска мөөнөттө иштелип чыгарын билдирди. Анда кичи шаарларды өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүктүрүү пландарды иштеп чыкмакчы.
[su_carousel source="media: 64062,64063,64064" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү