12

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Биз үчүн парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү абдан маанилүү»

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун менен Ош шаарында жолугушууда билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө, Темир Сариев БУУнун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктап, Пан Ги Мун мырзаны бул эл аралык уюмдун өнүгүшүндө жеке салымы чоң экенин белгиледи.

“Сиздин дүйнөдө тынчтык жана туруктуулук болушу үчүн салымыңыз эбегейсиз. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн аткарып жаткан иштери жана мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташтыгынын оң жыйынтыктары үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр Миң жылдыктын максаттары долбоорун ишке ашыруу алкагында кыргыз өкмөтү бир катар иштер аткарып жатканын жана анын негизги максаттары 2014-2017-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук стратегияга камтылганын билдирди.

"Учурда Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүгө даярданып жатабыз. Аны таза, ачык-айкын өткөрүү үчүн жаңы технологияларды, биометрикалык каттоону киргизилип жатат. Биз үчүн парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү абдан маанилүү. Бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жол ачат"-деди Темир Сариев.

Өз кезегинде БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун ал үчүн Кыргыз Республикасына сапары өзгөчө экенин, Июн окуялары орун алган 2010-жылдан бери өлкөдө абдан чоң өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи.

 "Ар кыл кыйынчылыктарга карабастан Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө бет алганы абдан кубандырат. Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы бийликти шайлоо жолу менен тынч өткөргөн жалгыз мамлекет. Муну менен катар БУУ Кыргыз Республикасынын адам укуктарын коргоо жаатындагы аткарып жаткан иштерин жогору баалайт"-деди Пан Ги Мун мырза.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташтыкка кызыкдарлыгын билдирип, Тынчтык орнотуу Фондунун ишмердиги, Кыргыз Республикасында “жашыл" экономиканы өнүктүрүү, суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

[su_carousel source="media: 57333,57334,57335,57336,57337" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү