08
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев Назгүл Турдубекованы вице-премьер-министрдин балдар укугу боюнча кеңешчиси кылып дайындады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Назгүл Турдубекованы Кыргыз Республиксынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын балдар укугу боюнча кеңешчиси кылып дайындады.
Жобого ылайык, балдар укугу боюнча кеңешчи мамлекеттик бийлик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын балдар укугун камсыздоого байланыштуу ишмердүүлүгүн мониторингдөөнү ишке ашырууга жана баланын укугун жана кызыкчылыгын сактоо боюнча тийиштүү жана мүмкүн болгон чаралар тууралуу сунуштарды Өкмөттүн кароосуна жиберүүгө укугу бар.
Ошондой эле балдар укугу боюнча кеңешчи балдар укугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгууга, ошондой эле балдар укугу маселесиндеги учурдагы жана келечектүү көйгөйлөрдү чечүүгө катышат.
Вице-премьер-министрдин балдар укугу боюнча кеңешчисинин коомдук башталыштагы кызматы Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн техникалык көмөктөшүүсү алдында ишке ашырылууда.
Отдел информационного обеспечения
Аппарата Правительства КР