26

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек мэринин кызматына талапкер көрсөтүү укугунан пайдаланбайт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек мэринин кызматына талапкер көрсөтүү укугунан пайдаланбайт, анткени бул маселеде шаардык кеңештин дкепутаттарына жана фракцияларына көбүрөөк мүмкүндүк берүү зарыл деп эсептейт.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши ортосунда өз-ара түшүнүшүү мамилеси орун алып, калктын бакубаттуулугуна багытталган биргелешкен конструктивдүү иштер жүргүзүлүүдө. Биргелешкен ишти жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоо максатында мэр жана шаардык кеңеш ортосунда конструктивдүү иш алынып барылышы үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керек.

Темир Сариев ишеним билдиргендей, шаардык кеңеш депутаттары борбордун өнүгүүсү жана калктын бакубат турмушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр татыктуу талапкерди колдойт. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленген.

“Борбор шаардын макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, коалициялык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ. Мэр шаардык кеңеш депутаттары тарабынан ачык добуш берүү жолу аркылуу шайланат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү