26
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусундагы Миң-Булак чек ара тозотунун курулушун көзөмөлдөдү
Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Сай айыл аймагындагы Кара участкасындагы Миң-Булак чек ара тозотунун курулуш иши менен таанышты.
Премьер-министр Темир Сариев билдиргендей, учурда 35 орунга эсептелген чекара тозотунун имараты 80 пайызга бүткөрүлгөн аталган бекеттин Кыргызстан чек арасын бекемдөөдөгү мааниси чоң.
Темир Сариев имараттын курулушу менен таанышып чыккан соң, анын сапатына канаттанбагандыгын билдирип, тийиштүү ведомство өкүлдөрүнө курулуш иштерин аткарган компаниянын жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.
“Өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо – өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири, буга жараша чек араны тактоо боюнча делимитация жана демаркация маселелерин тездетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Мындай тозотторду курууга бюджеттен акча каралып жаткан соң, анын сапатына да жоопкерчиликтүү мамиле болушу тийиш”, - деди Өкмөт башчы.
Белгилүү болгондой, чекара тозотун электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйлүү маселеге айланууда, анткени, энергияны Тажикстан Республикасынын Согдий облсунан алуу каралган. “Буга байланыштуу маселени облустук жетекчилер ортосунда чечүүгө аракет жасап, андан майнап чыкпаса, мамлекеттик деңгээлде чечүү аракети көрүлүшү зарыл”, - деп кошумчалады Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү