25

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев «Кыргызстан үчүн парламенттик шайлоонун саясий мааниси абдан жогору, аны биз ачык-айкын өткөрүшүбүз керек»

Бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйыны өттү. Жыйында 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүү жана даярдык көрүүдөгү коомдук тартипти жана коопсуздук камсыз кылууга байланышкан маселе каралды. Анын жүрүшүндө Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Коргоо министрлиги, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилери коомдук тартип жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча маалымат беришти.

Жыйында ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдөгү мыйзамдуулукту сактап, ага катышкан бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүп берүү өкмөт үчүн абдан маанилүү милдет экенин белгиледи.

«Учурда парламенттик шайлоо үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар байкалган жок. Укук коргоо органдары саясий партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып жатат. Буга чейин тапшырманын негизинде бардык аймактарда коомдук тартипти сактоо боюнча координациялык кеңешмелер өткөрүлдү. Буга карабай айрым күчтөр шайлоого шылтап кырдаалды туруксуздаштырууга аракеттениши мүмкүн. Мамлекеттик органдар  мындай кырдаалга каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүп, шайлоочуларга туура маалымат жеткиришибиз керек»-деди Темир Сариев.

Муну менен катар Премьер-министр айрым саясий партиялар биометрикалык маалымат топтоо менен добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын кайсы партияга добуш бергенин аныктоо болот деген туура эмес маалымат таратып жатканын белгилеп, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталарын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов айрым аймактарда өзүн-өзү саноочу урналарды атайлап жарактан чыгаруу менен шайлоодо мыйзамсыз жолдорду колдонууну каалаган айрым күчтөр болуп жатканын маалымдады.

Темир Сариев Ички иштер министрлигине  бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, мындай аракетке баргандарды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Ошондой эле Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев айрым саясий уюмдар шайлоо шылтоосу менен кырдаалды олку-солку кылуу тууралуу маалыматтар бар экенин ачыккан чыгарды.

Премьер-министр Темир Сариев мындай күчтөр тууралуу коомчулукка ачык маалымат берүү зарылдыгын билдирип, кырдаалды козутууну каалаган күчтөргө мыйзамдын негизинде чаралар көрүлөрүн эскертти.

«Учурда элибиз тартипти сактоо менен таза шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Биздин учурда таянарыбыз эл жана мыйзам. Ошондуктан, шайлоону ачык-айкын, мыйзам чегинде өткөрүү үчүн мыйзам бузгандарды азыртадан ашкере кылышыбыз керек»-деди Темир Сариев.

Ошондой эле  Темир Сариев  Кыргызстан биометрикалык маалымат топтоо менен  Борбор Азия аймагында биринчи жолу шайлоо өткөрүп жатканын, буга байланыштуу эл аралык коомчулуктун кызыгуу күчтүү экенин  белгиледи. Мындан улам укук коргоо органдарына шайлоого көз салуу үчүн келген эл аралык жана көз карандысыз байкоочулардын коопсуздугуна көңүл бурууну тапшырды.

«Биз Борбор Азия аймагында биринчи жолу биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өткөргөн жатабыз. Буга байланыштуу эл аралык коомчулуктун да кызуугусу жогору. Ошондуктан, биздин негизги максат шайлоону ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде өткөрүү. Мындай тапшырманы Президент Алмазбек Атамбаев да алдыбызга койду. Эгерде шайлоо жыйынтыгында тактыкка жетиш үчүн бюллетендерди он жолу санаш керек болсо, андайга барабыз»-деп кошумчалады Темир Сариев.

Муну менен катар бардык аймактардын жетекчилерине саясий партиялардын облустардагы өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, үгүт өнөктүгү жана добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузууларды болтурбоого биргеликте аракет көрүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 63975,63976,63977,63978,63979,63980,63981,63982" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү