17
Март
Премьер-министр Темир Сариев Аксы окуясында курман болгондорду эскерди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүлчамбар койду.
Гүлчамбар коюу аземи Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында орун алган кайгылуу окуянын 14 жылдыгына арналды.
Аземге ошондой эле Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри Нурханбек Момуналиев катышты.
Гүлчамбар коюу аземинен соң, Премьер-министр Темир Сариев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында курман болгондорго куран түшүрүштү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү