22
Июль
Премьер-министр Темир Сариев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган кызматташыкты жеңилдетүү т
21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган кызматташыкты жеңилдетүү тууралуу келишимди денонсациялоо” жөнүндө токтомго кол койду.
Аталган токтомго жана Кыргыз Республикасынын “Эл аралык келишимдер” тууралуу мыйзамынын 39-беренесине ылайык, 2015-жылдын 20-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда кол койгону кызматташыкты жеңилдетүү тууралуу келишимди денонсациялайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган токтом күчүнө кирген соң көрсөтүлгөн тартипте келишим денонсацияланганы тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн маалымдоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган кызматташыкты жеңилдетүү тууралуу келишимде" төмөнкүлөр каралганын маалымдайт:
АКШнын кызматташуу программасына тиешеси бар товар, жеткирүүлөр жана жана башка буюмдар кандайдыр-бир тариф, төлөм, бажы пошлинасы, импортко салык жана башка салык жана төлөмсүз Кыргыз Республикасына ташылып келчү, чыгарылчу жана колдонулчу.
Ошондой эле кызматташуу программалары боюнча иштеген АКШнын өкмөттүк же бейөкмөт уюмдары, анда иштеген кызматкерлер жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандар киреше салыктарынан, социалдык камсыздандыруу, бажы төлөмдөрүнөн, ар түркүн тариф, төлөм, импортко салык жана жеке жана мүлккө болгон салыктардан бошотулган.
Муну менен катар АКШ Өкмөтүнүн жарандык жана аскерий өкүлдөрүнө АКШнын кызматташуу келишими боюнча Кыргызстанда жүргөн кезде 1961-жылдын 18-апрелинде кол коюлган дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясынын алкагында административдик жана техникалык персоналдын статусуна теңдеш статус берүү каралган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү