03
Сентябрь
Премьер-министрТемир Сариев: «Кыргыз өкмөтү парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын, эч кандай мыйзам бузуусуз өткөрүүгө даяр»
Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө 4 -октябрда өтчү парламенттик шайлоого даярдык жана Өкмөттүн экономикалык программасы тууралуу айтып берди.
Өз сөзүндө Темир Сариев быйылкы жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү биометрикалык маалымат топтоо аркылуу, жаңы технологиялардын шартына ылайык болуп өткөрүлөөрүн белгиледи. Анын алкагында шайлоо биометрикалык жабдыктарды, автоматтык эсептөөчү урналарды жана атайын бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт. Өз кезегинде бул ачык-айкын жана таза шайлоонун негизи болот. «Биометрикалык маалымат топтоону киргизүүнүн негизги мааниси - «бир шайлоочу - бир добуш» принцибин камсыз кылуу, ошондой эле бюллетендерди эсептөөдө адамдык факторду жоюу", - деп билдирди Өкмөт башчы.
Акыркы маалыматтарга ылайык, 16 жаштан жогору 2 млн 710 миң 622 жаран биометрикалык каттоодон өттү. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилген шайлоочулардын тизмеси 2 млн 595 миң 366 шайлоочуну түздү», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев учурда шайлоону уюштуруу боюнча бардык финансылык каражаттар өкмөт тарабынан чечилип, бөлүнүп берилгендигин айтты. Анын ичинде жабдыктарды алуу жана шайлоону уюштуруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү каражаттар которулган.
Ошондой эле Премьер-министр 6-сентябрдан тартып, республикадагы ар бир шайлоо участокторунда 10 күндүк “Өзүңдү тизмеден такта!” аттуу акциясы өтөөрүн жана Темир Сариев шайлоо участкаларына барып, өзүңүздөрдү тизмеден тактоого чакырды.
«Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар менен Кыргыз Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын, эч кандай мыйзам бузуусуз өткөрүүгө даяр. Мындай шайлоону камсыздоо үчүн бардык керектүү каражатты жана шартты камсыз кылып берип жатабыз», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр буга чейин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча Республикалык штаб түзүлгөнун кошумчалады. Бул штаб шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүп жатат.
Темир Сариев шайлоону уюштурууда коопсуздук боюнча өзгөчө көңүл бурулаарын эскертип, укук коргоо органдары үгүт өнөктүгү учурунда бардык саясий партиялардын жолугушууларында коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди алып барышаарын кошумчалдады.
«Укук коргоо органдары ачык, таза жана демократиялык шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча керектүү шарттарды түзүп берет. Эч кимге өз шартын коюп, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына басым жасоого жол берилбейт», -деп билдирди Премьер-министр.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев шайлоого катышып жаткан партиялар Этикалык кодекске кол койгонун эскертип, бардык саясий партияларды аталган кодексти сактоого чакырды.
«Бул шайлоодо саясий партиялар акча таратып, же башка мыйзамсыз жол менен утууга ниеттенбестен, өз программасы менен гана көпчүлүк добуш алууга ишениши керек.Шайлоо жыйынтыгы чыгарылган соң жетиштүү добуш албай калгандар элди көчөгө алып чыгып, ар кыл мыйзамсыз аракеттерге барабыз, чыр чыгарам деген ойлорунан азыртан тарта кайтышы керек», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн Өкмөт биометрикалык маалымат топтоо менен катар үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурстардын колдонулбашы үчүн чараларды көрүп жатканын билдирди.
Буга мисал катары саясый партиялардын тизмесине талапкер катары катталган жогорку саясий кызматтагыларды өз каалоосу менен жумушун тапшыруу сунушталып, учурда партиялардын тизмесинде талапкер катары каттоодон өткөн 20га жакын саясий кызматкер өз арызы менен жумуштан кеткени айтылды.
[su_carousel source="media: 62720,62722,62724" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү