17

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев А.Маматалиевге 19 жашар чекарачынын дайынсыз жоголуусунун себебин иликтөө үчүн экинчи ирет комиссия түзүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев күч блогу боюнча  вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге 19 жашар чекарачынын дайынсыз жоголуусунун себебин иликтөө максатында экинчи ирет комиссия түзүү тапшырмасын берди.

Темир Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге Ош облусунун Чоң-Алай районунда жоголгон 19 жашар чекарачынын тегерегиндеги абалды кайтадан иликтеп чыгуу жана анын чыныгы себептерин аныктоо максатында кайтадан комиссия түзүү милдетин койду. Мындан мурда түзүлгөн комиссия аскерди издөө ишинде эч кандай жыйынтык берген эмес.

Бүгүн, 17-сентябрда, А.Маматалиев аталган окуя боюнча тийиштүү түзүм жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрөт.

23-августта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Карамык» чекара тозотунун 19 жашар аскер кызматкери Бексултан Бааридинов күзөттө жүрүп, адашып, дайынсыз жоголгон. Анын жанында Калашников автоматы болгон. Мамлекеттик чекара кызматынын кызматтык иликтөө жыйынтык отчетунда Б.Бааридинов чогуу кызмат өтөгөндөр менен өзүм билемдик кылып, аңчылыкка кеткендиги маалымдалат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү