14

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылдын 1-январына дейре Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объектилердин курулушун жыйынтыктоону тапшырды

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2016-жылдын 1-январына дейре “Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү” ирригациялык объектисинин негизги курулуштарын жыйынтыктоону тапшырды.

Аталган тапшырма КР Өкмөтүнүн жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берилди.

Темир Сариев белгилегендей, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди, ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү эсебинен калктын тышкы, ички миграциясын токтотуу жана өлкө чектерин чыңдоо боюнча маселелерди чечүү зарыл.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевге аталган маселени көзөмөлгө алуусун жана ал боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, тийиштүү ведомстволорго аталган маселени чечүү үстүндө иш алып баруусун тапшырды.

«Аталган райондун тургундары үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл, көп кабаттуу үйлөр, социалдык обьектилер, инфраструктура каралышы керек», — деди Темир Сариев.

Белгилесек, аталган долбоордун сметалык наркы 486 млн сомду түзөт. Долбоор аркылуу Бүргөндү массивиндеги жаңы 3 миң 500 га сугат жерлерин өздөштүрүү каралган. Курулуш 2008-жылы башталган, долбоор республикалык бюджет эсебинен жана Кыргыз Республикасы жана Түрк республикасынын Өкмөттөрү аралык кредиттик келишимден каржыланган долбоорлорду ишке ашыруу алкагында ишке ашырылууда.

2010-жылы курулуш бүткөрүлүп, суу топтоочу жай ишке берилген. Ал эми 2014-жылы узундугу 3 км келген магистралдык канал жана ички чарбалык сугат тармагы бүткөрүлгөн. Быйылкы жылы аталган обьектти толугу менен жыйынтыктоо пландалууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү