14
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариев КР УКМК жана КР ИИМ Францияда орун алган террактыга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчтөндүрүүнү тапшырды
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Францияда орун алган террактыга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчтөндүрүү тапшырмасын берди.
«Укук коргоо кызматкерлери ири соода түйүндөрүндөгү жана социалдык обьектилердеги коопсуздук көзөмөл кызматтары менен биргеликте ишти күчөтүүсү зарыл. Мындай иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, көптөгөн өлкөлөрдөгү террактылардын көбөйүүсүнө байланыштуу алдын алуу иш-чараларын өткөрүү зарыл», — деп белгиледи Темир Сариев.
Премьер-министр ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигине жабыркаган жарандардын арасында кыргызстандыктардын бар, же жок экендигин аныктоону тапшырды.
Өкмөт башчы өлкө жарандарын кыракы болууга чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү