08
Август
2015
Премьер-министри Темир Сариев Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсык кесепетинен каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүүгө көмөктөшүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсык кесепетинен каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүүгө көмөктөшүүнү тапшырды. Ошондой эле Премьер-министр жаракат алып ооруканага жаткырылгандарга керектүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.
7 - августта Казакстандын Жамбыл облусундагы Мойынкум районундагы жол кырсыгынан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч адам ооруканага жаткырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү