10
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев Жайыл районунун Полтавка айылында орун алган жаңжалды тыкыр иликтөөнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жайыл районунун Полтавка айылында ушул жылдын 7-августунда орун алган жаңжал боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, окуяга катышкан жана ага жол бергендерди жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Премьер-министр мындай окуялар мамлекеттин биримдигине шек келтирерин белгилеп, мындан соң кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын тартышы керектигин билдирди.
“Кыргызстанда мындай окуялардын орун алышы акылга сыйгыс нерсе катары кабыл алынышы керек. Учурда дүйнөдөгү коопсуздук маселеси курчуп, өлкөбүз ири саясий жараяндардын алдында турганда элибиздин биримдиги эң алгачкы баалуулук болушу шарт. Ошондуктан, жаңжалды уюштургандар мыйзамда көрсөтүлгөн жазага тартылышы зарыл. Ошондой эле мындай окуяга жол берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Бардык аймактардагы мамлекеттик органдарга бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырамын ”-деди Темир Сариев.
Учурда Темир Сариевдин тапшырмасы менен коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин көзөмөлү алдында окуяга себеп болгон жагдайлар жана күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандын бардык жарандары жана жарандык коом өкүлдөрүнө өлкөдөгү ынтымакка жана биримдикти сактоо боюнча биргеликте аракет көрүүгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү