12

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев Алай районундагы балдар бакчасынын ачылышына жука кийинген балдардын тышта туруп катышкандыгына байланыштуу фактыны текшерүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусунун Алай районундагы балдар бакчасынын ачылышына жука кийинген балдардын кыш мезгилинде тышта туруп катышкандыгына байланыштуу фактыны текшерүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы балдар бакчасынын ачылышына байланышкан аземде кыш мезгилинде балдарды тышта тургузууга мажбурлаган чиновниктерге карата тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырды.

«Мен мамлекеттик маанидеги жана балдардын майрамдарынан тышкаркы учурда, жаш балдарды кандайдыр-бир иш-чараларга тартуу тажрыйбасын токтотуу тууралуу бир нече ирет билдиргем. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлиги тараптан балдарды жана мектеп окуучуларын расмий иш-чараларга пайдаланууга тыюу салуучу буйрук чыгарылган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр  Гульмира Кудайбердиевага келечекте мындай окуялар катталбашы үчүн аталган фактыны тыкыр иликтеп чыгуусун тапшырам», - деп билдирди Премьер-министр Темир Сариев.

Белгилесек, 11-февралда Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында балдар бакчасын ачуу аземи орун алып, анда кышкы суукта өткөрүлгөн иш-чарага бөбөктөр – жука кийимчен, ал эми чиновниктер пальто жана тумакчан катышкан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү