04
Сентябрь
2015
“Кара-Кече” көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча конкурстук комиссия түзүлөт
Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3-сентябрдагы жыйында кабыл алды. Жыйында Премьер-министр Темир Сариев бул чечимдин өтө маанилүү экенин белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, көмүр кенди иштетүү долбоорунун алкагында үч маселени чечүүгө жол ачылат. Долбоорго ылайык, Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу, кенди комплекстүү иштетүү жана кенде 1200 МВт кубаттуулуктагы жылуулук борборун куруу каралган.
"Бул долбоорду ишке ашыруу Токтогул ГЭСин куруу сыяктуу маанидеги иш. Анткени кубаттуулугу 4 агрегаттуу 1200 МВТтык жылуулук борбору курулуп, кенди толук кандуу иштетүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле Бишкек жылуулук борборун толук кандуу көмүр менен камсыз кылууга болот”, - деди Темир Сариев.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, долбоорду жакынкы мезгилде баштап, төрт этап менен 2020-жылга чейин бүткөрүү каралууда. Анын жалпы суммасы 1, 153 миллиард АКШ доллары деп бааланууда.
Өкмөттүн 3-сентябрдагы буйругуна ылайык, мекемелер аралык конкурсттук комиссия түзүү жана бир айлык мөөнөт ичинде кенди комплекстүү иштетүү боюнча конкурстун тартиби жана шарттарын иштеп чыгуу тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү