05
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев үч күндүк мɵɵнɵттɵ ЗИЛ тоо лыжа базасын электр менен камсыздоону калыбына келтирүү тапшырмасын берди
Тийиштүү тапшырманы бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облустук Сокулук районунун айыл башкармалык жетекчилери менен жолугушуусу учурунда берди.
«Өлкɵнүн Өкмɵтү Кыргызстанда туризмди ɵнүктүрүү үчүн аракеттерди кɵрүүдɵ. Биз үзгүлтүксүз түрдɵ туристтик тармакты ɵнүктүрүү зарылдыгы тууралуу сɵз кылып келебиз. Ал үчүн бизде бардык шарттар – кооз жаратылыш, ар-кыл трассалар салынган тоо лыжа базалары бар. Бирок туристтердин агымын кɵбɵйтүүгɵ карата жасалган аракеттерге карабастан, айрым учурларда тоо лыжа базаларынын жана эс алуу жайлардын иштешине каршылык кɵрсɵткɵн жергиликтүү элдин тоскоолдуктарына туш келген учурлар бар. Алар туризм тармагында иштеген ишкерлердин жарыгын ɵчүрүп салууда», - деди Премьер-министр Темир Сариев.
Буга байланыштуу Өкмɵт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнɵ жана Ысык-Ата районунун акимине үч күндүк мɵɵнɵттɵ Бишкек шаарынан 35 км алыстыкта жайгашкан ЗИЛ тоо лыжа базасын электр менен камсыздоо маселесин чечүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндɵ Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, жаңы эрежелер киргизилүүдɵ, ага ылайык, мындан ары карай жер тилкелерин трансформациялоо маселеси жергиликтүү бийлик органдарынын артыкчылыктуу укугу болуп саналат.
«Эгерде мурда ар-бир адам айыл-чарба жаатындагы жерлерди сатып алып, аны трансформациялаган соң, сатууга укугу болсо, эми мындай кылууга жол жок. Трансформацияланууга тийиштүү ар-бир жер тилкеси генералдык планга ээ болуусу тийиш», - деп жыйынтыктады ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү