28
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев вице-премьер-министр А.Маматалиевге мектеп окуучусунун ɵлүмү тууралуу ишти иликтɵɵнү ɵзгɵчɵ кɵзɵмɵлгɵ алуу тапшырмасын берди
Бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда үстүбүздɵгү жылдын 25-сентябрында орун алган мектеп окуучусунун ɵлүмү тууралуу ишти иликтɵɵнү ɵзгɵчɵ кɵзɵмɵлгɵ алуу тапшырмасын берди.
Темир Сариев Абдырахман Маматалиевге орун алган кырсыкты иликтɵɵгɵ укук коргоо органдарынын мыкты кызматкерлерин тартуу менен, мурда алты ирет соттолгон адам акыркы сот ɵкүмү чыккандан тɵрт жыл ɵтпɵй, кандай жол аркылуу эркиндикке чыгуусу мүмкүн болгонун тыкыр иликтɵɵ алуу тапшырмасын койду. Иликтɵɵ иши жыйынтыкталган соң, ишке тийиштүү бардык материалдар соттун иш-аракетине укуктук баа берүү иретинде Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңешине ɵткɵрүлɵт.
Эскертек, 25-сентябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 11 жашар 6-класстын окуучусу дайынсыз жоголгон.
КР Өкмɵтүнүн Аппратынын
Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү