30
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Араван районундагы Мангыт айылындагы мектептин курулушун кечиктиргендердин жоопкерчилиги каралат»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 30-ноябрда Ош облусунунун Араван районундагы Мангыт айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Премьер-министр аталган мектептин имараты пландалган мөөнөттөн кечигип жатканын билдирип, бул ишке жооптуулар жооп бериши керектигин белгиледи.
Араван районундагы 500 ашуун бала билим алып жаткан Т.Бекенов атындагы мектеп 17-ноябрдагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган. Окуу-жайы 1987-жылы курулуп, андан бери карай оңдоодон өткөрүлгөн эмес
Өкмөт башчы бул мектепти 2016-жылкы “капиталдык салым” эсебинен курулчу обьектилердин катарына киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим калктын саны жылдан-жалга көбөйүп, ал эми мектептеги орундар жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттигинин ишин сынга алып, Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылдык мектебинин курулуш мөөнөтүн сактабагандыгын айтты.
Мурда маалымдалагандай, бир нече жер титирөөдөн соң, бул окуу-жайы авариялык абалда деп таанылган жана балдар чатырларда билим ала баштаган. Учурда окуучулар окууга ыңгайлаштырылган үйлөрдө билим алууда.
Темир Сариевге маалымдалгандай, курулуш подрядчиктерине байланышкан көйгөйлөргө байланыштуу соттук териштүүлөрдүн натыйжасында курулуш иши создугуп кеткен. Учурда обьекттин биринчи кабаты гана курулууда. Долбоордук планга ылайык, эки кабаттуу окуу-жайы 300 орунга ылайыкталган, ал үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре ишке берилиши керек эле, бирок белгиленген мөөнөткө карата курулуш бүткөрүлбөй калуусу ыктымал.
«Кызматтык иликтөө жүргүзүп, кайсы себепке байланыштуу иш өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөгөндүгүн аныктоо жана күнөөлүүлөрдү мыйзам иретинде жоопко тартуу зарыл. Курулуш үчүн акча каражаты толук түрдө бөлүнгөн, бирок мектеп али бүтпөй турат. алдар чатырларда билим алууда. Мындай нерсеге жол берилбеши керек», - деди Премьер-министр Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү