27

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев маморгандардагы аткаруучулук тартиптин так сакталышын талап кылды

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн жыйынында билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев 2015-жыл жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик органдардагы ченемдик-укуктук актыларды жана келип түшкɵн тапшырмалардын аткарылышы, аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маалымат берди.

Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси маалымдагандай, ɵткɵн жылы 2014-жылга салышытырмалуу документтерди аткаруу мɵɵнɵтүнүн бузулушу 11,3 % дан 5,7 % дейре кыскарган, ошол эле учурда министрлик жана ведомстволордун жетишсиз ишин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев белгилегендей, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери аткаруучулук тартипти так сактап, ɵз ишине берилүү менен аткаруусу тийиш.

Өкмɵт жыйынынын соңунда тɵмɵнкүлɵргɵ: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевге,  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевге, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбековага сɵгүш берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баямановага, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин статс-катчысы Таалайбек Бɵлɵбаевге, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик директорунун орун басары Уланбек Рыскуловго эскертүү берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү