15
Январь
Премьер-министр Темир Сариев драматург, прозаик Бексултан Жакиевди 80 жаш юбилейи менн куттуктады
Драматург менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бексултан Жакиевдин атамекендик адабияттын өнүгүүсүнө чоң салым кошкондугун белгиледи.
«Сиз азыркы мезгилге дейре өз чыгармачылыгыңыз менен күйөрмандарыңызды кубандырып келүүдөсүз. Сиздин “Атанын тагдыры”, “Күтүү”, “Миң кыял” сыяктуу көптөгөн чыгармаларыңыз азыркы кыргыз адабиятынын антологиясына кирди», - деди Премьер-министр.
Өз кезегинде Бексултан Жакиев Премьер-министр Темир Сариевге жеке чыгармачылыгына жогорку баа берүүсүнө ыраазычылык билдирип, келечекте китеп сүйүүчүлөрдү жаңы чыгармалары менен кубандырууга аракетин жумшаарын билдирди.
«Учурда өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселеси чоң мааниге ээ болууда. Бул жаатта өзгөчө көңүл буруу зарыл. Көптөгөн кайрылууларга карабастан, мен 80 жылдык юбилейимди мамлекетик деңгээлде белгилебөө чечимин кабыл алдым, анын ордуна бул күндү өзүмдүн үй-бүлөм жана жакын адамдарымдын курчоосунда өткөрүүнү чечтим. Менин пикиримде, ысырапкорчулукка алып келген тойлорду өткөрүүдөн баш тартуубуз керек. Ал каражаттарды өлкөбүздүн маданиятын өнүктүрүүгө жана тарыхын сактоого багыттаганыбыз жакшы. Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкө Президентинин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданияттын жылы катары белгиленген»,- деп билдирди Бексултан Жакиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү