11

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев окумуштуу жана илимпоздорду кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев окумуштуу жана илимпоздорду кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады. Премьер-министрдин куттуктоо тексти: "Урматтуу окумуштуулар жана илим тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Майрамыңыздар куттуу жана акжолтой болсун! Кымбат өмүрүн бийик илимге жана агартууга арнаган ишмерлердин бардыгына– окумуштууларга, илим-изилдөө кызматкерлерине, окуу жайлардын окутуучуларына чыгармачылык жана илимий ийгиликтерди каалаймын.

Кыргызстандын илимий мекемелери жана окуу жайлары даңазалуу илимий ачылыштарды, эң сонун жетишкендиктерди жаратып келген, жарата бермекчи.

Кыргыз Республикасынын илимий коомчулугу мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшү жана өлкөбүздүн эл аралык аренада татыктуу орду үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, жаңы технологияларга негизделген жана улам арбыган экономикалык, социалдык жана интеллектуалдык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган ар тараптуу илимий изилдөөлөр ийгиликтүү ишке ашат деп ишенебиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ырааттуу жана натыйжалуу илимий-техникалык мамлекеттик саясат аркылуу өлкөбүздүн илимий потенциалын арттырууга ниети бекем. Мамлекеттин илим тармагындагы стратегиясы илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркын көтөрүүгө, илимий ишмерлерди даярдоо жана өстүрүүнүн мыкты жана алдыңкы үлгүлөрүнө таянуу менен улуттук илимди жаңы бийиктиктерге чыгарууга багытталмакчы. Илmимий изилдөөлөрдү колдоонун жана илимий жетишкендиктерди натыйжалуу пайдалануунун бардык жолдору – базалык, программалык жана гранттык максаттуу каржылоо системасы иштелип чыгат. Ал эми илимди өнүктүрүү жана жаңы технологияларга негизделген динамикалуу экономика Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет.

Адамзат акыл-эсинин туу чокусу илимге, ааламга жарык чачкан билимге арналган асыл эмгегиңиздерди албан ийгиликтер жылоолосун.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук жана жакшылыктарды каалайм".