21

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Өкмөт мамлекеттик башкаруу тутумундагы штаттын санын мындан ары карай жогорулатууга мораторий демилгеледи. Жакынкы арада мен мындай документке кол коем»

Бул туурасында Темир Сариев Өкмөт жыйынында билдирди.

«Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тараптан жаңы, чакан, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын кескин кыскартууну караган жаңы түзүм иштелип чыгат», — деди Темир Сариев.

Премьер-министрдин айтымында, тескерисинче болгон учурда жакынкы мезгилде республикалык бюджеттин 50% ашууну айлык акыга багытталмакчы. Ошондой эле аким жана губернаторлордун алдына ишканаларды жана жаңы иш орундарын түзүү милдети коюлган.

«Бизде бир гана өнүгүүгө багыт алуу жолу бар, мында кайра иштетүүнү колго алып, өндүрүштү жаңыртуу керек, ушул ыкма менен гана бюджетти толтура алабыз. Бул жаатта губернаторлор активдүү иш алып баруусу зарыл», — деп белгиледи Премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев мындан тышкары дотациядан чыгып жаткан айыл өкмөттөрүн сыйлоо зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, шыктандыруучу гранттардан каражат берүү принцибин өзгөртүү зарыл.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү