18

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Өкмөт балдарга мамлекеттик көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүү жана чыңдоо багытында иш алып барат»

Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев «Кыргызстандагы жаш балдардын өмүрүн сактоо жаатындагы жетишкендиктер жана балдарды өнүктүрүүдөгү келечек кадамдар» тегрек стөлүнүн жүрүшүндө билдирди.

Өз сөзүндө Темир Сариев ЮНИСЕФке Кыргызстандагы гана эмес, жалпы дүйнөдөгү балдардын жашоо-шартын жакшыртууга арналган программаларды колдоого алуусу жана ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Учурда дүйнөлүк каатчылык экономикалык өсүүнү басаңдатып, жаратылыш кырсыктары күч алып турган кезде биз алгач иретте балдардын көйгөйүнө, алардын өмүрүнүн корголушуна жана балдарга комплекстүү көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүүгө көңүл буруубуз зарыл. Белгилей кетчү нерсе, өлкө Өкмөтү балдарга мамлекеттик көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүү жана чыңдоо багытында иш алып барат. Бирок, тилекке каршы, кабыл алынып жаткан чараларга карабастан, биздин өлкөдө бул тармактагы бир катар көйгөйлөр чечилбестен калууда», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекет балдар үчүн заманбап жетишкендиктерге жеткиликтүү эсептелген коопсуз чөйрөнү камсыздоосу тийиш.

«Кыргызстан, көптөгөн өлкөлөрдүн катарында Миң жылдык декларациясына кошулуп, Миң жылдыктын өнүгүү чакырыктарына жетишүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. Бүгүнкү күндө эл аралык шериктердин колдоосу астында балдар жашоосун жакшыртуу боюнча белгилүү жыйынтыктарга ээ болдук деп айтууга болот. Тактап айтканда, Кыргызстан 1990-2015-жылдары балдар өлүмү көрсөткүчүн үчтөн экиге дейре кыскартуу боюнча коюлган максатка жетише алды.

Көрсөтүлгөн мезгилде өлкөдө 5 жашка чейинки балдардын 100 миңге жакын өлүмүнүн алдын алуга мүмкүн болду. Албетте, мындай жыйынтыкка биз мамлекеттик органдардын, эл аралык шериктердин, бейөкмөт уюмдардын, бизнес-коомчулуктун жана Кыргызстандын бардык көңүлкош эмес жарандарынын колдоосуна ылайык жетише алдык», - деп билдирди Темир Сариев.

Мындан тышкары, Премьер-министр кошумчалагандай, балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн кыскартуу – бул алгачкы кадамдар. Баланын толук кандуу өнүгүүсү үчүн коопсуз чөйрөдө окууга мүмкүндүк берүүчү жоопкерчиликтүү тарбия берилиши зарыл.

«Бул жерде ата-энелердин жана үй-бүлөнүн ролун да өзгөчө белгилеп кетүү керек. Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жагына мамлекет тараптан канчалык көңүл бөлүнбөсүн, ата-энелердин бул процесске активдүү катышуусуз жана үй-бүлөдөгү жагымдуу шартты камсыздабай туруп толук кандуу тарбия тууралуу сөз кылуу жетишсиз. Адамдар балдардын келечеги үчүн капитал жумшоо зарыл экендигин аңдап сезүүсү керек. Үй-бүлө институтун чыңдоо жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын тейлөөсүнө карата жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана алардын социалдык корголуусу мамлекеттик саясаттын келечектүү милдеттери болуп саналат.  Балдар биздин келечегибиз», - деп жыйынтыктады сөзүн Өкмөт башчы Темир Сариев.

Белгилесек, тегерек стөлдүн жүрүшүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Александр Аванесов тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Кыргызстандын Миң жылдыктын чакырыктарына (№4) жетише алгандыгы жана балдар өлүмүнүн деңгээлин азайткандыгына байланыштуу сыйлоо аземи болуп өттү.

[su_carousel source="media: 68511,68512,68513,68514,68515,68516,68517,68518,68519,68520,68521,68522,68523,68524,68525" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү