25

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Өкмөт чыгымдарды кыскартуу боюнча иштерди алып барууда”

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкуулоо учурунда билдирди. Премьер-министр билдиргендей, учурда Өкмөт оптимизациялоо жана чыгымдарды кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүдɵ.

Темир Сариев быйылкы жылдын бюджетинде Өкмөт үчүн машина-жабдыктарды кароого – 1 миллиард сом, имараттарды кароого – 2,2 миллиард сом жана субсидия берүүгө 479 миллион сом үнөмдөлгөнүн билдирди.

Муну менен катар Темир Сариев Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттын  өлчөмү көбөйтүлгөнүн, жөлөкпулдар үчүн – 1,3 миллиард сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 1,2 миллиард сом кошумча каралганын билдирди.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү