23
Июль
Премьер-министр Темир Сариев Түркия Өкмөтүнө Кыргызстандан экспорттолгон төө бурчакка бажы төлөмүн төмөндөтүү маселесин карап чыгуу сунушун киргизди
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев 23-июлда Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглуну кабыл алган учурда билдирди.
Премьер-министр Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчактын басымдуу бөлүгү Түркияга экспорттолгонун билдирип, бирок 2014-жылдан тарта төө буурчакка бажы төлөмдөрү жогорулатылганына байланыштуу аны экспорттоо пайдасыз болуп калганын маалымдады. Буга байланыштуу Темир Сариев Түркия Республикасынын Өкмөтү бул маселеге көӊүл буруп, аны оңдуу чечип берээрине ишеним билдирди.
Кыргызстан экспорттолгон төө буурчакка бажы төлөмүн төмөндөтөт деген үмүтүн билдирди.
Өкмөт башчы ошондой эле түрк ишкерлери өз каражаттарын Кыргызстандын энергетика, тоо-кен өндүрүү тармактарына инвестициялай ала тургандыгы тууралуу маалымдады.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга алгачкы ирет сапар жасап жатканын айтты. “Мен биздин өлкөлөр аралык кызматташтыктын чыңдалышына колдон келген аракетти жасайм. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин бардыгы Түркия жетекчилигине толугу менен маалымдалат. Биздин өлкө кыргызстандыктарды колдоого алууга даяр жана биз жемиштүү кызматташууга ишеним билдиребиз”, – деп жыйынтыктады сөзүн Түркиянын ТИМ жетекчиси.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү