18

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышкан мамлекеттик органдардын жетекчилерине ээлеген кызматын өз каалоосу менен бошотууну сунуштады

Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышууну каалаган мамлекеттик органдардын жетекчилерине ээлеген кызматын өз каалоосу менен бошотууну сунуштады. Премьер-министрдин айтымында, мындай чара Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү үчүн зарыл. Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев мындай жол менен үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурстук колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана бул өз кезегинде шайлоонун ачык-айкын өткөрүлүшүнө шарт түзөт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,  мамлекеттик саясий, административдик жана мунипицалдык кызматтарды ээлеген жарандар Жогорку Кеңештин талапкерлигине катталган күндөн шайлоо жыйынтыгы аныкталганга чейин өз кызмат жана ыйгарым укуктарын токтошу керек. Ошол эле учурда алардын орточо айлык-маянасын төлөө иштеген жеринин эсебинен сакталып кала берет. Мындан улам Премьер-министр мамлекеттик кызматтын үзгүлтүксүз жүргүзүү жана бюджеттик каражатты үнөмдөө үчүн  мамлекеттик саясий, административдик жана мунипицалдык кызматтарды ээлеген Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлер өз кызматын тапшырышы максатка ылайык деп санайт. Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев, Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалай Масабиров жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев өз арызы менен кызматтан кетти. Жогорудагы адамдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышуу ниетин билдирген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү