04
Сентябрь
Темир Сариев: “Мамлекеттик органдар менен элдин ортосунда ишеним болгондо гана өлкөдө өнүгүү болот”
Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңейтилген маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Премьер-министр кызматына расмий киришкенден баштап, ушул күнгө чейинки экономикалык багытта аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди. Жыйында Премьер-министр Өкмөт түзүлгөндөн баштап туура төрт ай өткөнүн айтып, жумуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Өкмөт басым жасаган багыттарга токтолду.
-укук улантуучулукту жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу;
-Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киришин тездетүү;
-калктын негизги жашоо-тиричилик системасынын туруктуулугун камсыз кылуу;
-пайда болгон тобокелдерге жана чакырыктарга шашылыш таасир этүү чараларын көрүү маселелри Өкмөттүн негизги иш багыттарынан болгон.
Премьер-министр жогорудагы талаптар четинен аткарылып келе жатканын кошумчалап, алардын негизгилерин айтып берди. “Ушул жылдын 12-августунан тартып, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине толук кандуу мүчө болду. Кыргыз -казак чек арасындагы чек ара өтмөктөрүнөн бардык бажы бекеттери алынды. ЕАЭБдин ченемдерине жана жоболоруна ылайык ченемдик укуктук база бирдей болгон 39 мыйзам жана 51 ченемдик укуктук акт кабыл алынган”,- деди Темир Сариев.
Мындан сырткары улуттук экономиканын потенциалын арттыруунун алкагында бир катар өнөр-жай ишканалар менен инвестициялык долбоорлор:
-“Датка-Кемин” подстанциясы жана жогорку чыңалуудагы линия;
-“Атын-Кен” алтын казуучу комбинат;
-“Казакмыс Голд Кыргызстан” ЖЧК Бозымчак алтын кени ишке кирди.
Аны менен катар, 2015-жылдын майында “Жерүй” алтын кени жана “Бел-Алма” көмүр кени сыяктуу мамлекеттик маанидеги кендерге эки сынак өткөрүлгөн. Сынактардын жыйынтыгы боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджетке 6,1 млрд сом түшкөн.
Учурда энергетикалык муктаждыкты азайтуу максатында Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтерин ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатат.
Маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Өкмөт башчы ар бир райондун акимине жана шаарлардын губернаторуна конкреттүү тапшырма койгондугун баса белгиледи.
“Өнөр-жай жана кайра иштетүү, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү багытында ондон кем эмес жаңы ишканаларды ишке киргизүү зарыл. Ошентип жыл жыйынтыгында 400дөн ашык ишканаларды ачып, миңдеген жумуш орундары ачылышы керек. Өкмөттүк программада өлкөнүн ички жолдорун оңдоо да башкы мааниде турат. Бул жылы жалпы узундугу 112 чакырымдан ашык облустук жана райондук жолдордун курулушуна бюджеттен 1 млрд сомдой каражат бөлүндү”,- деди Премьер-министр.
Белгиленгендей, инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу шарт түзүү боюнча Президент А.Атамбаев койгон милдеттердин алкагында Өкмөт тарабынан экономиканын ар бир сектору боюнча инновациялык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Эксперттик топ түзүлдү.
Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу алкагында, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып, пенсиялар жогорулайт. Мындан сырткары мугалимдердин жана кенже тейлөөчү жана техникалык персоналдардын эмгек акысы 50% көтөрүлдү. Бул үчүн Өкмөт 2,2 млрд сом каражат бөлдү.
Мындан сырткары Өкмөт башчы 2017-жылга чейинки аткарыла турган пландарга токтолуп, мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу, алардын жумушка болгон жоопкерчилигин күчөтүү жана талаптарды коюу зарылдыгын кошумчалады.
[su_carousel source="media: 62723,62731,62730" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү