03
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев Тышкы иштер министри Эрлан Абылдаевди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР тышкы иштер министри Эрлан Абылдаевди кабыл алды.
Жолугушуу жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министрлигинин аткарып жаткан иштери жана 2016-жылга пландары тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүү жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн экономикалык жаатта башка өлкөр менен кызматташууну арттыруунун маанисин белгиледи. Ошондой Темир Сариев Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП+) макамын берүү тууралуу чечим кабыл алышы маанилүү окуя экенин белгилеп, бул жаатта ишти активдештирүү зарылдыгын билдирди.
Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министрлигинин 2016-жылдагы ишмердигинин келечектүү багыттары жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, коопсуздук жаатындагы кызматташууну бекемдөө чаралары тууралуу баяндап берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү