08

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Ноокен районунун Сакалды айылындагы жаңы курулган мектепке барды

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Сакалды айылындагы жаңы курулган мектепке барды.

Анда ал мугалимдер жана айыл тургундары менен баарлашты. Аталган мектеп үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ишке берилген жана 225 окуучуга эсептелген.

Өкмөт башчы мектеп имараты менен таанышып чыккан соң, билим берүү мекемесинде тийиштүү инфраструктуралар толук каралбагандыгын белгиледи. Ошол эле учурда жакынкы арада мектептин курулуш сапатын иликтеп чыгуу жана даараткана куруу маселесин тапшырды.

Жергиликтүү калк жана мугалимдер менен баарлашуу учурунда Премьер-министр билим берүү обьектилерин жаңыртуу боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

“Быйыл мамлекеттик бюджет эсебинен 71 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Кийинки жылы 100 мектепти реконструкциялап, оңдоо жана жаңы 100 мектепти куруу пландаштырылууда. Учурда мектептерди салууда бирдиктүү стандарт иштелип чыккан, ага ылайык, ашкана, спортзал, даартакана болушу шарт. Ошол эле учурда Өкмөт мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча реалдуу кадамдарга барып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта мугалимдердин айлык акысы 50% жогорулатылды. Бул алгачкы гана жогорулатуулар, мындан ары карай дагы бул максатта бюджеттен каражат каралат. Биз билим берүү тармагын күчөтүү аркылуу гана кубаттуу мамлекет курабыз”, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр белгилегендей, ата-энелер жана мугалимдер тарабынан окуунун билим сапатын жогорулатууга жана тартип маселесин чыңдоого тийиштүү көңүл бурулушу зарыл. Ал эми окуучуларга кайрылып, аларды сапаттуу билим алып, татыкту кесип ээлери болууга чакырды.

Жолугушуу учурунда мугалимдер жамааты өлкө Президентине жана Өкмөткө айлык акынын жогорулатылышына байланыштуу ыраазычылык билдиришти.

Алардын айтымында, мурда баштапкы класс мугалими 6 миң 400 сом айлык алса, азыр анын көлөмү 11 миң 500 сомго дейре жеткирилди. “Биз Өкмөт кандай иштерди аткарып жатканын көрүп жатабыз. Жарандардын кайрылууларына жана өтүнүчтөрүнө өз мөөнөтүндө жооп жасап жаткандыгыңыздарга, тактап айтканда, жаңы социалдык обьектилерди куруп, жолдордун сапатын жакшыртуу боюнча жасалган иштерге ыраазычылык билдиребиз”, - деп билдиришти айыл тургундары.

Мындан тышкары айыл тургундары Өкмөт башчыга Жалал-Абад-Маданият жолунун курулушун тездетүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта бюджеттен 60 млн сом каралган, ал эми жолдун курулушу келерки жылдын март айында башталат.

[su_carousel source="media: 64780,64790,64789,64788,64787,64786,64785,64783,64782,64781" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү