16
Декабрь
Премьер- министр Темир Сариев Кытайда өткөн II Дүйнөлүк интернет-жыйынга катышты
Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Учжэнь шаарында (КЭР) өткөн II Дүйнөлүк интернет-жыйынга катышты.
Жыйын жүрүшүндө интернеттик глобалдык башкаруу, киберкоопсуздук, кибертерроризм жана мобилдик интернет көйгөйлөрү маселелери талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев жыйын катышуучулары алдында сөз сүйлөп, заманбап турмуштагы интернеттин маансин өзгөчө белгиледи.
«Өткөн жылы Кыргызстан Азия, Европа жана Америка өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттердин катышуусунда I Борборазиялык интернет симпозиумун өткөргөн. Акыркы үч жылдын ичинде биз бардык коңшу өлкөлөр менен транзиттик байланышты орноттук. Бул Кыргызстанга Европа менен катар Кытайга түз коммуникациялык байланыш орнотууга, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Индия өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүндүк түздү», - деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Эл аралык электр байланыш биримдиги, КМШ нанотехнологиялары жана Улуттук өлчөөчү лабораториялар конференциясы эл аралык инновациялык борбору сыяктуу ири IT-уюмдардын мүччөсү болуп саналат.
«Бизде мобилдик байланыш тармагынын өнүгүүсү динамикалык түрдө жүрүүдө, аны менен республика аймагынын 90 пайызы камсыздалган. Үчүнчү жана төртүнүчү муундагы технологиялар активдүү ишке киргизилүүдө. Ошондой эле Кыргызстандагы интернет-индустриянын өнүгүүсүнө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы либералдык салык саясатынын жана укуктук базанын орун алышы шарт түзүүдө», - деп кошумчалады Темир Сариев.
Премьер-министр билдиргендей, Кыргызстан глобалдык интернеттик башкаруу тутумунун демократиялык жана ачык-айкын, көп тараптуу тутумун уюштурууга, аны биргелешип өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле тутум коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошот.
Маалымдама: Дүйнөлүк интернет-жыйынды өткөрүү демилгеси Кытай Элдик Республикасына тийиштүү. Кытайда 630 млн тармак колдонуучу бар жана өлкөдөгү 10 интернет-компаниянын төртү – кытай тараптыкы. Форум ишине дүйнөнүн 175 өлкөсүнөн келген 1500 алдыңкы эксперттер катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү