31

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 24 жылдыгына карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чарага катышты

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 24 жылдыгына карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чарага катышты. Ош шаарындагы борбордук аянтта өткөн майрамдык иш-чарада Темир Сариев кыргызстандыктарды куттуктап, бул күндү ыйык майрам деп атады.

«Ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир жарандын көкүрөгүндө ыйык туткан улуу майрамы бар. Ал-майрам баарынан улук, баарынан бийик, баарынан кымбат. Ал майрам–эркиндиктин, эгемендиктин, азаттыктын майрамы» -деди Темир Сариев.

Премьер-министр Кыргызстандын эң башкы майрамын куттуу Ош жергесинде чогу белгилеп жатканына өтө кубанычта экенин билдирди.

«Байыркы Ош кыргыз тарыхынын  ыйык  Ордосу.  Ош куттуу аймак, куттуу жер. Учурда Кыргызстандын Президенти жана Өкмөтү өлкө аймактарын, анын ичинде Ош облусун өнүктүрүү боюнча бир катар аракеттерди көрүүдө.  Мисалы, Ош шаарынын өнүгүшүнө 2014-жылы дээрлик 5 миллиард, ал эми быйылкы жылдын жети айында 3 миллиард сомдон ашуун тышкы жана ички инвестиция тартылган. Мындай жогорку көрсөткүчтөр Сиздер үчүн чек эмес деп ойлойм. » - деп кошумчалады Темир Сариев.

Өз куттуктооснунда Темир Сариев Кыргызстан эч качан, эч убакта эл тандап алган эркиндиктин багытынан тайбай, мындан ары да демократиялык кайра түзүүлөрдү чыңдай берерин, анткени,  демократиялык багытка жана элдик бийликке  эч кандай альтернатива жок экенин белгиледи. Ал үчүн Премьер-министр бир нече багытта ишти чыңдоо керектигин билдирди.

«Учурда биздин алдыбызда мамлекеттүүлүгүбүздүү бекемдөө жана өлкөбүздүн кубаттуулугун арттыруу милдети турат. Бул үчүн өлкөбүздө мыйзамдын негизинде гана иш жүргүзүп, бардык тармакты тартипке салуу керек. Бүгүн коомдун өзү да мамлекеттик тартипти күчөтүүнү бийликтен, өкмөттөн талап кылып жатат. Ошол эле учурда ар бир жарандан мыйзамды жана тартипти бекем сактоону талап кылабыз. Ачыгын айтсам тартипти күчөтүүгө биздин саясий да, адамдык да эркибиз жетет! Биздин негизги ураан тартипти,  талап жана өнүгүү. Экинчиден, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү, элибиздин жашоо турмуш шартын жогорулатуу биздин башкы милдет жана негизги маселе. Учурда мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, күч-кубатын артыруу үчүн улуттук деңгээлдеги ири долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Мисалы, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы  толугу менен бүткөрүлүп, 28-августта ишке берилди. Муну менен өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, ички энергетикалык шакекчеге ээ болдук. Өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ жолдор, Кыргызстан үчүн эле эмес бүткүл аймак үчүн маанилүү болгон темир жол, гидро-энергетикалык, тоо-кен өнөр жайы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу улантылат»-деди Темир Сариев. Муну менен катар өлкөдөгү системалуу коррупциянын тамырын жоготууга багытталган иштерибизди мындан ары да улантылып, күчөтүлөрүн Темир Сариев кошумчалады.

«Бул күрөштө эч кимге аёо болбой турганын дагы бир жолу эскертким келет. Кимден-ким мамлекеттин, элибиздин эсебинен “өз көмөчүнө күл тартып”, пайдага туйтунууну кааласа алар мыйзамдын алдында жооп беришет»-деди Премьер-министр

Ошондой эле өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн билим  менен гана бекемдей аларын  айтып, негизги максат Кыргызстанды эң билимдүү, заман менен тең жарышып, бардык талаптарга жооп берген адамдардын өлкөсүнө айландыруу экенин билдирди.

Быйыл 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрун эске  салып, бул шайлоону биометрикалык маалымат топтоо аркылуу, жаңы технологиялардын шартына ылайык болуп өткөрүлөт. Кыргыз өкмөтү бул шайлоону таза, ачык айкын, эч кандай мыйзам бузуусуз өткөрүүгө даяр. Шайлоого катышкан  партиялар мыйзамдарды  чынчылдык менен аткарып, ал эми жетиштүү добуш албай калгандары чычалабай, шайлоонун жыйынтыгын тааныш керектигин Премьер-министр белгиледи.

[su_carousel source="media: 62413,62410,62409,62407,62405,62404,62403,62402,62401,62400,62398,62397,62396,62395,62394,62393,62392,62391,62390,62389" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү