12

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев камактагылардын качып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айлындагы КР Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50-түзөтүү мекемесинен камактагылардын качып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү.

Анда болуп өткөн окуя жана кылмышкерлерди кармоо боюнча тиешелүү органдардын жетекчилери маалымат берди.

Маалыматка ылайык, учурда абактан качып чыккан беш соттолуучу кармалып, калган төрт кылмышкерди кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекетти кызматы эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү комиссия түзүлгөн, кызматтык иликтөө иштери өткөрүлүүдө, камактагыларды колго түшүрүү боюнча зарыл чаралар кабыл алынган.

Премьер-министр Темир Сариев кылмышкерлерди кармоо боюнча иштерди биргеликте өткөрүү боюнча чара көрүү,  стратегиялык обьектилердин коопсуздугун күчөтүү жана окуяга себеп болгон жагдайларды толук иликтеп чыгуу жана тийиштүү кызматтык жактардын жоопкерчилигин аныктоо тапшырмасын койду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү