21

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев чек арадагы абал боюнча жыйын ɵткɵрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев мамлекеттик чекараны чыңдоо боюнча зарыл чараларды кабыл алуу боюнча жыйын ɵткɵрдү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик чекара кызматынын жана башка бир катар мамлекеттик орган ɵкүлдɵрү катышты.

Өкмɵт башчы чекарада түзүлгɵн кырдаалга байланыштуу күч түзүмдɵрүнүн маалыматын укту.

Темир Сариев белгилегендей, тийиштүү органдар мамлекеттик чекаранын коопсуздугун камсыздоо жана  аны чыңдоо боюнча ɵз функцияларын так аткаруусу тийиш.

Жыйын соңунда Премьер-министр Темир Сариев тийиштүү органдарга ɵлкɵнүн чектеш аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү