07

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев республикада мектептерди куруу боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев тийиштүү түзүм жетекчилери менен билим берүү мекемелеринин курулушунун жүрүшүн талкуулады.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, жыл башында 25 мектептин курулушу пландаштырылган, бирок Өкмөт башчы Темир Сариев бул көрсөткүчтү 70 дейре жеткирүүнү тапшырган.

«Жыл аягына дейре биз 70 билим берүү мекемелерин, анын катарында спорт залдарын да ишке беребиз. Капиталдык салым эсебинен 50 мектеп курулса, ал эми түрк кредитинин эсебинен 20 мектеп курулган. Мындан тышкары, Талас шаарында таланттуу балдар үчүн мектептин курулушун баштоо зарыл, анда окуу процесси үчүн зарыл бардык шарттар: компьютердик класстар, спорт залдар, ашкана, жатаканалар каралышы кажет. Бул мектепте Талас облусунан булуң-бурчунан келген балдар билим алуусу тийиш», — деп маалымдады Премьер-министр.

Темир Сариев белгилегендей, билим берүү мекемелеринин курулушу өлкө Президентинин жана жалпы коом көзөмөлүндө турат. Буга байланыштуу Өкмөт башталган ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүүсү зарыл.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 26 мектептин курулушу жыйынтыкталып, ал эми 1-октябрга карата 7 мектеп бүткөрүлүп, ишке берилген, ал эми октябрь айында 24 жалпы билим берүү мекемесинин курулушу аякталат.

Мындан тышкары, мамагенттиктин айтымында, 2015-жылдын ноябрь айында 14 мектептин курулушун жыйынтыктоо пландаштырылууда, декабрь айында республикалык бюджеттин эсебинен курулган 6 мектеп эксплуатацияга берилет. Натыйжада, бүткөрүлө турган мектептердин жалпы саны 70 түзөт. Аталган объектилерге «капиталдык салым” беренелери боюнча 1 млрд 645 миң 77,5 сом бөлүнгөн. Түрк кредитинин линиясы боюнча 235 млн 188 миң сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан быйылкы жылы “Жерүй” кенинен түшкөн каражатты 100 мектепти реконструкциялоого, оңдоого жана 100 жаңы мектепти салууга багыттоо пландаштырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү