13
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында «Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн комплекстүү Планын бекитүү маселеси талкууланды.
Премьер-министр Темир Сариев быйылкы Тарых жана маданият жылын жогорку деңгээлде өткөрүү, аны уюштурууга өзгөчө маани берүү керектигин билдирди.
«Быйылкы жылы эгемендигибизди даңктап, элибиздин ынтымагын бекемдөөчү жыл болушу керек. Бул жылды жогорку деүгээлде өткөрүү үчүн ар бир мамлекеттик орган өз ишин так аткарып, уюштуруу иштерин сапаттуу жүргүзүүсү керек”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр бул жылдын алкагында тарыхты жана маданиятты өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш-чараларды өткөрүү керектигин билдирди. Ошондой эле жарандарды мекенчилдикке чакырган, улуттук маданиятты жайылтууга багытталган иш-чаралардын санын көбөйтүү ташырылды.
Жыйындын жүрүшүндө Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн комплекстүү Планы бекитилди. Аталган план 4 бөлүктөн туруп, анда 74 иш-чара камтылган.
Темир Сариев Финансы министрлиги кыска мөөнөттүн ичинде каржы булактарын таап, камсыз кылуу тапшырмасы берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү