14

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Кытай Элдик Республикасына расмий сапар менен учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын чакыруусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрында Кытай Элдик Республикасына расмий сапары менен барат.

Ошондой эле сапар алкагында Темир Сариев 15-декабрда Чжэнчжоу шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышмакчы. ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары Уюмдун келечегинин өнүгүү багыттарын талкуулап, бир катар документтерге кол коюлат. ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 16-декабрда Премьер-министр Темир Сариев Экинчи Дүйнөлүк интернет конференцияга катышат.

КЭРге расмий сапар алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Пекин шаарында Кытайдын жогорку жетекчилиги менен жолугушат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Мындан тышкары Кытай Элдик Республикасынын борборунда эки өлкөнүн ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусундагы кыргыз-кытай инвестициялык форуму өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү