12
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Жолдорду оңдоо иши ɵз мɵɵнɵтүндɵ бүткɵрүлүп жана сапат талаптарына толук жооп бериши зарыл»
Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев ɵлкɵдɵгү курулуп жана оңдолуп жаткан жолдордун абалы боюнча кеңешме ɵткɵрдү.
Өкмɵт башчы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине инспекциялык топторду түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерге чыгып кɵзɵмɵлдɵɵ ишин жүргүзүүнү тапшырды.
«Жол оңдоо жана куруу иштери кыш түшкɵнгɵ дейре жйынтыкталышы керек, мында ɵзгɵчɵ кɵңүл жолдордун сапатына бурулушу кажет. Биз жол инфраструктурасын жакшыртууга колдон келген аракетти жумшап, жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүбүз керек. Мындан тышкары, жолдордун жакшырышы ишкердүүлүк жана соода жүгүртүүнү ɵнүктүрүүгɵ түрткү берип, жаңы мүмкүндүктɵрдү ачып, ɵлкɵнүн чар тарабында инфраструктуранын комплекстүү ɵнүгүүсүн шарттайт»,- деп белгиледи Темир Сариев.
Белгилесек, үстүбүздɵгү жылы республикалык бюджеттен жолдорду оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүүгɵ 3 млрд 780 млн сом бɵлүнгɵн. Аталган каражатка 400 км жол курулат. Анын ичинен 850 млн сому облустук борборлордун жана кичи шаарлардын жолдорун жакшыртууга каралган. Ошондой эле чектеш аймактарда айланма трассалардын курулушу каралып, натыйжада жергиликтүү тургундар анклавдарды кесип ɵтпɵстɵн, ыңгайлуу жолдорго ээ болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү