10
Октябрь
Премьер-министр Темир Сариев : "Биздин өлкөнүн “Кыргызстан-асман тиреген тоолор өлкөсү” деген өз бренди бар"
Бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев “Shape Eurasia 2015” эл аралык форумунун ачылышына катышып, сөз сүйлөдү. Бүткүл Дүйнөлүк экономикалык форумдун демилгесинин негизинде 20дан ашык өлкөдөн келген жаш-лидерлердин катышуусу менен өтүп жаткан форум Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүүгө арналган. Өз сөзүндө Темир Сариев “Алга, көчмөн!” деген девиздин алдында 22 өлкөдөн келген эң алдыңкы жаштардын форуму Кыргызстанда өтүп жатканынын мааниси чоң экенин белгиледи
“Биз, кыргызстандыктар, байыркы көчмөндөрдүн урпактары катары көчмөн цивилизациясынын мааниси жана уникалдуулугун абдан жакшы түшүнөбүз. Ааламдашуу шартында ар бир мамлекет жана коом үчүн салт-санаа, үрп-адатты, улуттук баалуулуктарды сактоонун мааниси артып бара жатат. Дал ушундай өз тарыхы жана тжашоо образы менен ар бир мамлекет, анын ичинде биздин Кыргызстан кызыктуу. Ошондуктан, дүйнө жүзүнөн абдан көп адамдар биздин өлкөнүн кайталангыс табияты, тарыхтын жана маданияттын эстеликтери менен таанышуу үчүн келип жатышат”-деди Темир Сариев.
Форумдун негизги темаларынын бири туризм экенин белгилеген Премьер-министр Кыргызстан бул тармакты өнүктүрүү абдан бай потенциалы бар экенин кошумчалады. Өлкөдө Ысык-Көл баштаган абдан кооз жаратылыш парктары, тоо лыжа базалары, тарыхый, омаданий жайлар бар экенин эске салган Темир Сариев өлкөдө эко-туризмдин мааниси чоң экенин билдирди.
“Биз Кыргызстандын мындан ары да дүйнө жүзүнө таанылып, өлкөгө келген туристтердин санын артыруу үчүн аракет кылып жатабыз. Учурда Кыргызстанга 66 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат. Былтыр Ысык-Көлдүн жээгинде Көчмөндөрдүн биринчи бүткүл дүйнөлүк оюнун өткөрдүк. Бул оюндар кийинки жылы да уюштурулуп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчылары баш болгон абдан көп коноктор катышат. Учурдан пайдаланып баарыңыздарды оюндарга катышууга чакырам”-деди Темир Сариев. Ошондой эле Премьер-министр өлкөнүн “Кыргызстан-асман тиреген тоолор өлкөсү” деген бренди бар экенин эске салып, форум катышуучуларын өз өлкөсүнө барган соң Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу айтып берүүгө чакырды. Global Shapers — Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан демилгеленген жаштардын эң ири түйүнү. Анын курамында дүйнө жүзүндө 425 хаб жана 5500дөн ашык мүчөсү (шейпер) бар. [su_carousel source="media: 64928,64929,64930,64931,64932,64933,64934,64935,64936,64937" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү