15

Январь

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Олуттуу реформаларга барууну чечкен өлкөлөр ийгиликке жетишет»

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сародж Кумар Джанын кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу жолугушуусу учурунда билдирди.

Премьер-министр Дүйнөлүк банкка активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз биргелешкен активдүү кызматташуу аркасында бир катар маанилүү программаларды ишке ашырууга мүмкүндүк болгондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышууда, айрым позициялар боюнча алдыңкы катарда турат. Акыркы жылдары бир катар реформаларды ишке ашыра алдык. Олуттуу реформаларга жана өзгөртүүлөргө барган өлкөлөр гана ийгиликке жетишээрин түшүнүүдөбүз», — деп билдирди Темир Сариев.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сародж Кумар Джа Кыргызстанда орун алган оңдуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

«2016-жыл жана келерки эки жыл дүйнөлүк экономика үчүн абдан татаал жылдардан болот, анын саркындылары Борбор Азия өлкөлөрүнө да тиет. Ошентсе да өткөн жылы Кыргыз Өкмөтү экономикалык татаал абалдан кыйгап өтө алды. Өткөн жылдарга салыштырмалуу көптөгөн өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүндүк болду. Дүйнөлүк банк мындан ары карай дагы Кыргыз Республикасы менен кызматташууну улантууга даяр», — деди ал.

Сародж Кумар Джа кошумчалагандай, 2016-жылы экономиканын ар-кыл тармактарындагы эксперттердин техникалык тобу долбоорлор үстүндө иш алып барып, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык абалды жакшыртуу, аяр финансылык тармактардагы ар-кыл программаларды мониторингдөө жана натыйжалуу башкаруу жаатындагы реформаларды өбөлгөлөө үстүндө иш алып барат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү