20
Ноябрь
Премьер-министр Темир Сариев Жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча чукул жыйын өткөрдү
Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер –министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош шаарында 17-ноябрдагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча чукул жыйын өттү.
Жыйынга түз байланыш аркылуу тиешелүү органдардын жетекчилери катышты. Премьер-министр Темир Сариев бүгүн жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу жана Алай районундагы айылдардын абалы менен таанышып келгенин, кырсыктын кесепети масштабдуу экенин билдирди.
«Кырсыктын масштабы абдан чоң. Анын кесепетин биргеликте жоюшубуз керек. Элибиз баарына чыдап, түшүнүү менен мамиле кылып жатат. Бирок сыртта кыш. Биздин күтүп отурууга убактыбыз жок. Мамлекеттик органдар тезинен бардык чараларды көрүшүбүз керек»-деди Темир Сариев.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, бардыгы Ош облусу боюнча 3400 турак-жайлар текшерүүгө алынган. Анын ичинен 1 даражада – 670 үй, 2 даражада - 1615 үй, 3 даражада - 725 үй, 4 даражада – 380 үй, 5 даражада – 10 үй аныкталган. Ошондой эле 112 социалдык обьект иликтенип, анын ичинен 1 даражада – 43 объект, 2-даражада – 30 объект, 3 даражада – 33 объект, 4 даражада – 6 объект катталгандыгы аныкталган.
Учурда тактоо иштери уланууда. Кубатбек Бороновдун түшүндүрмөсү боюнча, 1-2 даражада жабыркаган үйлөр көзөмөлгө алынат. 3-даражада капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Ал эми 4 жана 5 даражадагыларды жараксыз деп табылып, толугу менен куруу зарыл.
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ош облустук, Кара-Суу жана Алай районунун жетекчиликтерине үйлөрдү текшерүүнү улантып, бир жуманын ичинде толук бүткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жабыр тарткандарга тез арада чатырларды жеткирүүнү, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жакынкы аралыкта биринчи зарылдыктагы азык-түлүктөрдү жеткирүү тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, бүгүн Кара-Суу районуна 67 чатыр жана Алай районуна 20 чатыр жеткирилет. Ошондой эле 66 даана контейнер эртең жеткирилет. Муну менен катар Темир Сариев кырсыктын масштабын эске алуу менен аларга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууну Тышкы иштер министрлигине тапшырды. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул боюнча иш жүрүп жатканын жана 20-ноябрда Бишкек шаарында атайын жыйын өтөрүн кабарлады.
Ошондой эле Темир Сариев Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркаган жарандардын арасында психологиялык жардам көрсөтүүнү, башка аймактарга жер титирөө болгон райондорго жардам көрсөтүүнү тапшырды.
«Мындай кырдаалда бир да адам көңүл тышында калбашы керек. Элибиз бир адамдай болуп жардам көрсөтөлү»-деди Темир Сариев.
[su_carousel source="media: 66981,66982,66983,66984,66985,66986,66987,66988" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү