29
Август
Премьер-министр Темир Сариев: «Губернатор жана акимдер кабинетте отура бербестен, жер-жерлерге чыгып, ишканаларга кɵмɵктɵшүүсү керек»
Бүгүн, 29-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусунда иш сапары менен болду, анын жүрүшүндɵ ал «Кайыңды-Кант», «Эрфрут», «Айлана» жана «DIAMOND GLASS» ишканаларынын иши менен жакындан таанышып чыкты.
Өкмɵт башчы аталган ишкналардын иши менен таанышууда мамлекеттик органдардын тийиштүү жетекчилерине ишкерлерге тоскоолдук жараткан кɵйгɵйлɵрдү чечүү тапшырмасын койду.
«Губернатор жана акимдер кабинетте отура бербестен, жер-жерлерге чыгып, эгерде муктаждык болсо, бизнес-коомчулукка кɵмɵктɵшүүсү зарыл. Мен акимдерге ар-бир айыл ɵкмɵттɵ 10дон ишкана ачуу милдетин койгом. Өлкɵдɵ 44 район бар, эгерде ар-бир аким 10 ишканадан ачса, жылына дээрлик 500 ишкана ишке кирет. Учурда бул багытта активдүү иш жүргүзүлүүдɵ. Ар-бир жаңы ишкана жүздɵгɵн жумушчу ордун камсыздайт»,- деп белгиледи Темир Сариев.
Премьер-министр «Кайыңды-Кант» ишканасын кыдырып чыгуу учурунда белгилегендей, ишкана кант кызылчасын жылына иштетүү кɵлɵмүн 150 т дейре жогорулатууда. Кыргызстандын ЕАЭБ кирүү шартында импорттоо кыскарып, «Кайыңды-Кант» ишканасында ɵлкɵнүн кантка карата муктаждыгын жабуу мүмкүндүгү бар.
Өкмɵт башчы мындан тышкары жемиш продукциясын ɵндүрүү жана кайрадан иштетүүчү «Эрфрут» компаниясына барды. Завод 11 түрдɵгү жемиш ширесин жана консервацияланган салаттарды жана 7 ашуун туздалган жашылчаларды чыгарат.
«Мындай ишканаларды колдоого алуу зарыл. Компания кыргыз рыногунда гана белгилүү эмес, ал ɵз продукциясын Казакстан жана Россияга экспорттойт. Учурда «Эрфрут» ɵндүрүштү кеңейтүүгɵ камданууда. Мында «Айыл-банктын» кɵмɵгү зарыл. Бул сыяктуу ишканалар үчүн кредит берүүнүн жеңилдетилген ыкмаларын ойлонуу керек»,- деп белгиледи Темир Сариев.
Мындан тышкары, Премьер-министр томат чыгаруу боюнча «Айлана» заводуна барды, мында бир сезондо 250 миң тонна помидор иштетилет. Компания дыйкандарды үрɵн менен камсыздап, алынган түшүмдү сатып алат.
Өкмɵт башчынын иш сапары айнек идиш чыяыгаруучу «DIAMOND GLASS» компаниясынын иши менен таанышуу аркылуу жыйынтыкталды. Заводдун кубаттуулугу — суткасына 50 миң тонна айнек иштетет, мында эки жүздɵн ашуун адам иштейт.
«Кыргызстанда ишканалар кɵп, аларга кɵмɵк берүү зарыл. Биз аларды кыска мɵɵнɵттɵ ЕАЭБ ɵлкɵлɵрүнɵ алып чыгуубуз зарыл. Өкмɵттүн кайра иштетүүчү ишканаларды ɵнүктүрүү боюнча так механизмдери бар»,- деп жыйынтыктады Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү