22

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев Аксыдагы митингчилер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы митингчилер менен жолугушту.

Митингди уюштуруучулардын бири Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Кыргыз Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасындагы түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн ЖККУ жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдарга кайрылуу керек.

Өз кезегинде Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, учурда эки өлкөнүн чектеш аймагындагы түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө.

«Кыргыз-өзбек чекара тилкесиндеги талаш абал жаралгандан тарта тышкы саясат деңгээлинде тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Биз чекара маселелерин чечүүдө мыйзамдуу дипломатиялык ыкмалар аркылуу иш алып баруубуз абзел. Атап айтканда, Кыргызстан ЖККУга кайрылып, бул маселе боюнча кеңешүүлөр жүрүүдө», - деп билдирди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев митингге чыккан жарандардын суроолоруна жооп берип, бардык жактарды республикада туруксуз коомдук-саясый абалды жаратуучу чагымчылдыкка жол бербөө макксатында диалогго чакырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү