22

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы шаарында каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан кырсыктын натыйжасында каза болгон катардагы аскер М.Д. үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүндү.

Эскертсек, 2016-жылдын 18-февралында Балыкчы шаарында жайгашкан №20636-аскердик бөлүктө эки кырсык ар баша убакытта катталган, натыйжада бир аскер бутунан жаракат алган, ал эми экинчи аскер башынан жаракат алган, натыйжада кийинки күнү каза тапкан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү