03

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыковго 100 миң сом бөлөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыковго 100 миң сом бөлөт.

Каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнөт.

Мындан тышкары, Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Ырыскелди Зарлыковго тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Мындан мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыков тууралуу материалдар жарыяланган.

Учурда баланын дарыланышына жана ден-соолугун калыбына келтирүүгө көмөк керек болууда.

Эскертсек, аталган кырсык 2013-жылдын 9-январында Нарын облусунун Ак-Моюн айылында орун алган. Пенсионер карыя жана анын 5 жашар небереси малды карап келүү максатында чыгышкан, бирок алар катуу суукка жана калың түшкөн карга байланыштуу көздөгөн жерге жете алган эмес. Карыя небересин жылытуу үчүн аны денеси менен жаап, коргоп калууга аракет кылган, бирок өзү көз жумган. Бала тирүү калганы менен анын буту-колун үшүк алып, натыйжада, колу-бутунан ажыраган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү