07

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Беларусь Республикасына иштиктүү сапар менен жөнөп кетти

Бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Беларусь Республикасынын Гродно шаарына Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иштиктүү сапар менен жөнөп кетти.

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны алкагында ЕАЭБ ишмердүүлүгүн мындан аркы жакшыртууга багытталган маселелердин каралышы пландаштырылууда.

Премьер-министр Темир Сариевдин иштиктүү сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү