24

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө катышкандарга ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайындагы өрттү жоюуга катышкан жактарга ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын, аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын өрт өчүрүүдөгү кайратмандыгын белгиледи.

“Биздин жарандар күнү-түнү жаратылыш кырсыгына каршы туруп, өрт өчүрүүгө жана анын кесепетин азайтуу үчүн болгон күчүн үрөдү”, - деп белгиледи Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр кошумчалагандай, өлкө жарандары мындай кырсыктардын алдын алуу максатында өрт коопсуздугун сактоо эрежелерине өзгөчө маани бериши зарыл, себеби бир адамдын кесепетинен Чычкан коругунун 120 га аянты өрттөнүп кеткен.

Темир Сариевдин айтымында, өлкө боюнча өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча талапты жана эл арасында өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл.

Белгилесек, Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августта башталып, мамлекеттик орган кызматкерлери жана жергиликтүү калктын күч-аракети аркылуу 23-августта саат 18.30 толугу менен өчүрүлгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү